Ссылки доступа

Kaz Minerals кенчилердин иш таштаганы тууралуу маалыматты четке какты


Батыш-Казакстан облусунун Артемьевск кенинин шахтачылары ишке чыгышкан жок. Аймактык ММКлар маалымдагандай, түнкү нөөмөттө иштеген кенчилер эртең менен жер алдынан чыкпай, таңкы нөөмөтчүлөрдү ичкери киргизишкен эмес.

Kaz Minerals компаниясынын өкүлү Ермек Дюзкенев 28-декабрда бул маалыматты четке какты.

Анын айтымында, түнкү нөөмөтчүлөр графикке ылайык иштешкен. Күндүзгү нөөмөтчүлөрдүн алмашпаганын ал жумушчулар менен жетекчилер чогулуш өткөргөнү менен түшүндүрдү. Жыйында үч айлык иштөө графигин ишке ашыруу, айлык акыны жогорулатуу маселеси каралган.

Дюзкенев шахта штаттык режимде иштеп жатканын кошумчалады.

Өткөн айда Казакстандын Караганда облусунун "Казакмыс" жез кениндеги шахтачылар жумуш шартын жакшыртууну жана айлык акысын көбөйтүүнү талап кылып иш ташташкан. Мындан соң жетекчилик маянаны отуз пайызга чейин жогорулатууга макул болгон.

XS
SM
MD
LG