Темирбаев келерки жылы жазга жуук Ташкент-Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы ачыла турганын кошумчалады.
- Макулдашууга ылайык жумасына бир жолу Ташкент-Балыкчы багыты боюнча Өзбекстан темир жолунун поезди каттай баштайт, - деди ал.
23-декабрдан тартып “Air Manas” компаниясы жумасына эки жолу Бишкек-Ташкент багыты боюнча учак жибере баштады. Ошондой эле бул күнү Ош-Ташкент багыты боюнча учак каттай баштаган.