Ссылки доступа

Казакстан: Астанадагы Назарбаевге сыйынуу тууралуу билдирүү сандырактык


Казакстандын Улуу Британиядагы элчиси Ерлан Идрисов британ гезитинин Астананы «менменсинүү долбооруна» салыштырганын негизсиз деп эсептейт. Ал Астанада «жеке адамга сыйынуу» орногону тууралуу пикирди «сандырактык» деп атады.

Financial Times (FT) британ гезити 27-декабрда «Мамлекеттин борбору менменсинүү долбоору болгондо» (When a national capital becomes a vanity project) деген макала жарыялаган.

Макалада Египеттин президенти Абдул-Фаттах Ас-Сисинин жаңы борбор куруу ыктымалдыгы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу башка өлкөлөрдөгү борборду которуу тажрыйбалары айтылып, Казакстан тууралуу да кеп болгон. Идрисов өз билдирүүсүндө Казакстандын борбору Астана «жемкорлукка кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачкан жана Назарбаевдин сүрөттөрү илинген менменсинүү долбоору болуп эсептелет» деген маалыматта далилсиз экенин билдирди.

Элчинин айтымында, 1997-жылдан бери шаардын жашоочуларынын саны 280 миңден миллионго чейин жетти жана казакстандыктар Нурсултан Назарбаев, жана анын демилгеси аркылуу ишке ашкан ийгиликтер менен чексиз сыймыктанышат.

FT басылмасы Назарбаев Орусиянын Казакстандын аймагына көз артышынын алдын алуу үчүн борбор калааны Алматыдан Астанага көчүргөнүн жазган. Макалада Астана президент Назарбаев тарабынан ойлонулуп табылган, анын портреттери чапталган инфраструктураларга көмүлүп калганы белгиленген.

Идрисовдун катына ылайык, 1997-жылы борбор калааны өлкөнүн борбордук бөлүгүнө көчүрүү коопсуздук маселелерин эске алуу менен кабыл алынган. Катта жаңы борбор шаар “советтик өтмүштөн арылууга мүмкүнчүлүк” болгонун дагы белгилеген.

XS
SM
MD
LG