Ссылки доступа

Тажикстандын мунай компаниясы $13,7 млн. компенсация төлөөгө милдеттендирилди


Париждеги Эл аралык арбитраждык сот өз милдеттерин аткарбагандыгы үчүн «Куляб Петролеум Лимитед» компаниясын франциялык «Тотал» жана кытайлык CNPC компанияларына $13,7 компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.

Аталган эки компания «Куляб Петролеум Лимитед» менен биргеликте 2012-жылы Bokhtar Operating Company BVI деп аталган оффшордук компания түзүшкөн. Андан соң тараптар Тажикстандын түштүгүндөгү мунай жана газ кендерин иштетүүгө киришкен.

Бирок 2016-жылы майда СNPC жана Total компаниялары Эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, «Куляб Петролеум Лимитед» өз милдеттерин аткарбай жатканына даттанышкан.

Өз кезегинде «Куляб Петролемум Лимитед» ишканасына ээлик кылган «Тетис Петролеум» компаниясы дагы каржы талаштарына байланыштуу Эл аралык арбитраждык сотко кайрылып, эки өнөктөшүнөн $10,1 миллион өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

СNPC жана Total компанияларынын маалыматына караганда, «Куляб Петролеум» «Бохтар» кенин иштетүү долбооруна 2 миллион доллар инвестиция салуу милдеттенмесин алып, бирок аны аткарган эмес. Ошол эле маалда акционерлердин долбоор боюнча келишиминен чыгуудан жана өз үлүшүн өнөктөштөрүнө өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Учурда CNPC менен Total Бохтар кенинде 33,335 пайыздан, «Куляб Петролеум» - 33,33% үлүшкө ээ.

Сот тажик компаниясын Bokhtar Operating Company BVI компаниясындагы 33% акциясын өнөктөштөрүнө өткөрүп берүүгө жана $13,7 миллион өлчөмүндө компенсация төлөөгө милдеттендирди. «Куляб Петролеум Лимитед» Тажикстандын эки районундагы мунайгаз кендерин иштетүү лицензияларына ээлик кылат.

XS
SM
MD
LG