Ссылки доступа

Өлкөдө мыйзамсыз миграция уюштургандарга жазаны күчөтүү сунушталууда


Кыргыз өкмөтү Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү аркылуу мыйзамсыз миграцияны ооздуктагысы келет. Ички иштер министрлиги мыйзамсыз миграцияны уюштургандарды үч жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылып жатат. Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүүнү караган бул жобо коомдук талкууга коюлду.

Кыргызстандагы азыркы иштеп жаткан жоболорго ылайык, мыйзамсыз миграцияны уюштургандар 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып төлөйт.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мыйзам тыштан келген мыйзамсыз миграцияга эле эмес, кыргызстандыктарды башка өлкөгө мыйзамсыз жөнөткөн тараптарга да тиешелүү.

- Мыйзамсыз миграция тенденциясы дүйнө жүзү боюнча көп болуп жатат. Уюштурулган мыйзамсыз миграцияда киши сатуу, элдин акчасын бербей койгон учурлар көп болууда. Ошол үчүн бул мыйзамда жоопкерчилик күчөтүлүүдө. Бул мыйзам Кыргызстандын ичине мигранттарды мыйзамсыз алып келип жаткандарга, Кыргызстан аркылуу транзит менен өтүп жаткандарга жана өлкө ичинен чет өлкөгө алдоо жолу менен чыгарып жаткан тараптарга колдонулат.

ИИМдин 10-башкы башкармалыгы акыркы беш жылда мыйзамсыз миграция уюштурулган 233 фактыны аныктаган. Тартип сакчылары кылмыштын бул түрү өтө тымызын жүргүзүлүп, өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч тийгизерин белгилешет. Ушундан улам ИИМдин коштомо катында мыйзамсыз миграцияга карата жеңил жазанын аягы бөтөн өлкөлөрдүн деструктивдүү элементтеринин Кыргызстанда пайда болушуна шарт түзөрү жазылган.

XS
SM
MD
LG