Өзбекстанда диний айыптар менен соттолуп, былтыр президент Шавкат Мирзиёевдин ырайымы менен эркиндикке чыккан жарандар үчүн Самарканд облусуна эки күндүк зыярат уюштурулду.
2017-жылы декабрда Конституциянын 25 жылдык мааракесине карата 2700 кишиге мунапыс жарыяланган.
Өткөн жылы Өзбекстан түрмөлөрүнөн 14 саясий туткун – көз карандысыз журналисттер, саясий партиялардын активисттери жана укук коргоочулар – Мухаммад Бекжан, Аъзам Фармонов, Солиджон Абдурахманов, Бобомурод Раззаков, Ганихон Маматхонов, Агзам Тургунов, Рустам Усманов, Самандар Куканов, Эркин Мусаев, Ботирбек Эшкузиев, Бахром Ибрагимов, Даврон Кабилов, Даврон Таджиев и Мухаммад Карабаев бошотулган.
Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму маалымдагандай, учурда өлкө түрмөлөрүндө 12 укук коргоочу жана журналист отурат.