Ссылки доступа

Forbes Kazakhstan: Назарбаевдин күйөө баласы "жылдын бизнесмени"


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы, "Атамекен" улуттук ишкерлер палатасынын президиумдун төрагасы Тимур Кулибаев Forbes Kazakhstan журналы тарабынан “жылдын бизнесмени” деп табылды.

Башкы бетине Тимур Кулибаевдин сүрөтү түшүрүлгөн журналдын жаңы саны 4-январда сатыкка чыкты.

Тимур Кулибаев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин ортончу кызы Динарага үйлөнгөн. 2011-жылдан бери орусиялык “Газпром” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Тимур менен Динара Кулибаевдер “АЛМЭКС” компаниясы аркылуу Казакстандын Улуттук банкын көзөмөлдөшөт. Кулибаевдин активдеринин арасында башка бир катар компаниялар дагы бар.

Басылма Казкоммерцбанк менен Халык банктын биригүүсү, авиация жана медицина бизнесиндеги ийгиликтери Кулибаевдин баллын жогорулатканын белгилеген. Мындан тышкары “Атамекен” палатасы менен бийликтин ортосундагы диалогду жандандырганы дагы негизги көрсөткүч болгону айтылат. Forbes Kazakhstan басылмасынын версиясы боюнча Кулибаев 2017-жылы таасирлүү 50 бизнесмендин катарын кайрадан толуктады жана Казакстандагы 50 эң бай бизнесмендин арасына кирди.

Тимур Кулибаев мунайгаз жана энергетикалык KAZENERGY ассоциациясын, Улуттук олимпиадалык комитетин, Казакстан бокс федерациясын жетектейт. Америкалык Forbes журналынын эсеби боюнча анын мүлкү 2,1 миллиард долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG