Ссылки доступа

Шавкат Мирзиёев расмий сапар менен Душанбеге барат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Тажикстанга расмий сапар менен барууга даярданып жатканын билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, анда көптөгөн эки тараптуу макулдашууларга кол коюу каралууда.

Мамлекет башчы 6-январда Ташкент облусунун депутаттары менен жолугушуусу маалында сапарга даярдык көрүү үчүн өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов Тажикстанга бара турганын айтты. Бирок сапардын так датасы айтылган жок. Буга чейин Душанбе өзбек лидеринин расмий сапары 2018-жылдын башында болушу ыктымалдыгын билдирген.

Өзбек президенти тараптар эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенип жатканын кошумчалалды. «Биз темир жол жана энергетика тармактарында кызматташуу боюнча көптөгөн макулдашууларга кол коёбуз. Андан тышкары бир катар башка маселелер дагы каралат», - деди ал.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстан бардык коңшу өлкөлөр менен ынак коңшулук мамилелерди бекемдөөгө багыт алганын ырастады. «Биз түбөлүк эмеспиз жана коңшулар менен жаман мамиле үчүн бизди эч ким кечирбейт. Бардыгы менен жакшы мамиле түзүү керек. Бул үчүн убакыт керек, анткени калың музду эритүү жеңил эмес», - деди президент.

XS
SM
MD
LG