Ссылки доступа

Ооган дипломаттары тажик банкынан аманаттарын берүүнү талап кылышууда


Төрт ооган дипломаты «Точиксодиротбанктан» 300 миң доллар өлчөмүндөгү депозиттерин ала албай жатышат. Алар акчаларын банкка Ооганстандын Душанбедеги элчигинде иштеп жүргөн маалда салышкан.

Тажикстандагы эң ири коммерциялык банктардын бири эсептелген «Точиксодиротбанк» 2015-жылы каатчылыкка дуушар болуп, анын жыйынтыгында жүздөгөн кардарлары аманаттарын ала албай келишет.

Ооганстандын Душанбедеги элчилигинин мурдагы кызматкери Азизи Бориздин айтымында, дипломаттар банкка Ооганстандагы турак-жайын сатуудан түшкөн акчаларды, ошондой эле айлыктарынын бир бөлүгүн салып турушкан. Кол коюлган келишимдин негизинде акчаларын каалаган маалда алышмак.

Биз ал акчаларды көптөн бери топтоп жүргөнбүз. Бизге аларды каалаган маалда ала аласыңар деп ишендиришкен. Бирок эки жылдан бери жыйынтык жок», - деди Азизи Бориз.

Анын айтымында, башка өлкөлөрдүн дипломаттары да «Точиксодиротбанктан» депозит ачышкан жана банк алардын аманаттарын кайтарып берген.

Дипломаттар күтө берип тажашканын жана «Точиксодиротбанкты» сотко бере тургандыктарын билдиришүүдө. Ал ортодо банк кызматкерлери мекемедеги көйгөйлөрдөн улам ооган дипломаттарынын акчаларын кайтарып бере албай тургандыктарын айтышты. Банктын өкүлү элчиликтин мурдагы кызматкерлерине аманаттарын бөлүп-бөлүп алуу сунушталган, бирок дипломаттар андан баш тартышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG