Ссылки доступа

Назарбаев: Казакстан дүйнөнүн алдыңкы 30 өлкөсүнүн катарына кириши керек


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 9-январда казак телеканалдарынын түз эфиринде өлкөнүн алдыдагы жылдарга карата экономикалык өнүгүүсү боюнча кайрылуу жасады.

Өз сөзүндө Назарбаев Казакстанды алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кошуу үчүн аткарылышы керек болгон "он максатты» атады. Алардын ичинде казак индустриясын жаңы технологиялардын флагманына чыгаруу; ресурстук мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун натыйжалуулугун арттыруу; каржы тармагын кайра түзүү; жемкорлукка каршы күрөшүү жана адам капиталынын сапатын жакшыртуу иштери бар.

Андан тышкары Назарбаев эмгек тажрыйбасын эске алуу менен пенсиялардын базалык бөлүгү 1,8 эсеге жана жаңы программалар менен окутууга өткөн мугалимдердин маяналары айлык өлчөмдөн 30-50% жогорулай турганын айтты.

Ошондой эле президент «Смарт Сити» технологиясын өнүктүрүүгө ниеттенип жатканын билдирди – Назарбаевдин айтымында, бул «өсүп жаткан шаарлардын көйгөйлөрүн натыйжалуу чечүүгө жана алардын инвесторлор үчүн жагымдуулугун арттырууга мүмкүндүк берет».

Өз сөзүндө мамлекет башчы Казакстандын БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги төрагалыгы жана Улуттук фонддун активдеринин камакка алынышы боюнча эч нерсе айткан жок.

XS
SM
MD
LG