Ссылки доступа

Унааларды ак түскө боётуу талабы Түркмөнстандын түндүгүнө да жетти


Түркмөнстандагы автоунааларды ак түскө боётуу талабы өлкөнүн түндүк аймагындагы Дашөгүз облусуна дагы жетти.

Эки ай мурда бийликтин талабы менен өлкөдө укук коргоо органдарынын кызматкерлери кара түстөгү унааларын ак түскө боёто башташкан. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары кабарлашкандай, эми мындай талап Дашөгүз облусундагы бардык мамлекеттик мекеме кызматкерлерине дагы коюлууда.

“8-январда облуста атайын чогулуш өтүп, анда бардык автоунаага ээ мекемелердин жетекчилерине машиналарды февралдын ортосуна чейин ак түскө боётуу талабы коюлду”, - деп билдирди облустук акимчилик кызматкерлеринин бири.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, учурда Дашөгүздөгү автотейлөө жайларында кара жана күңүрт түстөгү унааларын боётууну каалаган адамдардын узун кезеги жаралды. Буга байланыштуу бул кызматтын баасы кыйла жогорулап, бир машинаны боётуу үчүн унаа ээлери болжол менен 8000 манат коротуп жатышат. (Борбордук банктын расмий курсу боюнча 3,5 түркмөн манаты 1 АКШ долларына барабар).

XS
SM
MD
LG