Монополияга каршы кызмат кайрылууга жооп кылып, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында азык-түлүккө болгон бааларды жасалма көтөрүү фактысы аныкталбаганын билдирди.
Мекеменин кызматкерлери баалардын жогорулашына бир канча фактор, анын ичинде товарларды өндүрүү үчүн сырттан алынып келинген сырьелордун кымбатташы таасир эткенин билдиришти. «Азык-түлүктүн кымбатташынын башка дагы себептери болгон. Мисалы, өткөн кышта Пакистандан картошка импорту токтоп калып, буга байланыштуу анын баасы 57 пайызга жогорулап кеткен», — деди мекеме кызматкери.