Ссылки доступа

Трамптын бир нече өлкөнү кемсинткени конгрессмендердин кыжырдануусун жаратты


АКШнын президенти Дональд Трамптын Гаитиден жана Африка континентинен келген иммигранттардын дарегине айткан сыны Конгресс мүчөлөрүнүн кыжырын келтирди. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы окуя менен жакындан тааныш булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, президент бейшембиде Ак үйдө мыйзам чыгаруучулардын катышуусунда иммиграциялык саясаттагы реформаларга арналган жыйын өткөрүп, жогорудагы өлкөлөрдү «санда жок өлкөлөр» деп атаган.

Бир катар демократтар президенттин бул сөздөрүн расисттик деп сынга алышса, айрым республикачылар Трамптын айткандары аларды ирээнжиткенин билдиришти.

Жыйында негизги тема — өспүрүм кезинде ата-энелери АКШга мыйзамсыз алып келген мигранттарды легалдаштыруу болгон. Трамп алардын арасында гаитиликтер бар экенин угуп, мунапысты аларга карата колдонбой койсо болобу деп суроо узаткан.

Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Радж Шах бул маалыматты четке каккан жок. Ал биринчи кезекте чет өлкөлүктөрдүн жыргалчылыгына кам көргөн вашингтондук саясатчылардан айырмаланып, Трамп америкалыктардын кызыкчылыгын жогору коёрун белгиледи.

XS
SM
MD
LG