Трампка жолдонгон катка мурдагы 78 элчи, анын ичинде мамлекеттик катчынын Африка иштери боюнча мурдагы жардамчысы Линда Томас-Гринфилд кол койгон. Катта алар президентке жаратылыш ресурстарына бай жана АКШ менен терең тарыхый байланыштары бар 54 өлкөдөн турган континентке болгон көз карашын кайра карап чыгууну сунушташкан.
Трамп өткөн жумада иммиграция тууралуу мыйзамды четке кагып жатып, Африка мамлекеттерин “тешик өлкөлөр” деп атаганын моюнуна алган эмес. Бирок иш-чарага катышкандар ал ушул сөздү колдонгонун белгилешүүдө. Африка биримдиги жана бир катар африкалык өлкөлөр Трапмтын билдирүүсүн айыпташкан.