“Азаттыктын” түркмөн кызматы маалымдагандай, чет өлкөлүк валюта “көмүскө базарларда” 17-январдан тарта жогорулай баштаган. Шейшембиде доллардын курсу 12 манатка чейин жетти.
Ашхабаддык баяндамачы Аманмырат Бугаев доллардын наркы буга чейин мынчалык көтөрүлбөгөнүн белгиледи.
Жаңы жыл алдында 1 доллардын курсу 9,8-10,4 манатты түзгөн.
Түркмөнстанда расмий түрдө акча алмаштырууга 2016-жылдан бери тыюу салынган. Түркмөнстан Борбордук банкы доллардын расмий курсун 3,5 манат деп 2015-жылы ноябрда бекиткен жана бул көрсөткүч үч жылдан бери өзгөрө элек.