Учурда тиешелүү кызматтын өкүлдөрү чыгымдын өлчөмүн эсептеп жатышат. Айрым маалыматтарга караганда, 7 тоннадай балык кырылган.
20-январдын түнүндө Бишкек-Ош жолунун 264-чакырымында күйүүчү май ташыган автоунаа дарыяга кулап, бир адам каза болуп, эки киши жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча унаада 38 тонна бензин болгон. Автоунаа дарыядан чыгарыла элек.