Ссылки доступа

Казакстанда дагы бир автобус өрттөндү, жабыркагандар жок


Бүгүн Казакстандын Шымкент шаарында жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар департаментинин облустук бөлүмүнөн кабарлашты.

Шаардык полициядан билдиришкендей, өрт чыккан маалда автобустун ичиндеги эки жүргүнчү жана айдоочу сырткы качып чыгууга үлгүрүшкөн. Каза болгондор жана жаракат алгандар жок.

№22 каттам боюнча шаардын Жибек-Жолу көчөсү менен бараткан автобус күйүп жаткандыгы тууралуу кабар Өзгөчө кырдаалдар департаментине түшкө маал келип түшкөн.

Полициянын маалыматына караганда, автобуста өрт чыккан учур видеокөзөмөл камерасына түшүп калган. Учурда өрттүн себептери такталууда.

XS
SM
MD
LG