Шукеевдин айтымында, Социалдык камсыздандыруу фондунда чогулган каражаттын 10 пайыздан кем эмес бөлүгү “КазАрго” холдингинин облигацияларын сатып алууга жумшалат. “КазАрго” бул каражатты коммерциялык максатта – үрөн сатып алып, кайра сатуу үчүн колдонот.
Улуттук банктын көзөмөлү алдындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу фондунда триллион теңгеден ашуун акча бар. “Биз үрөндү эң арзан баада сатып алабыз. Аны кайра сатып, акчаны кайтарабыз", - деди Шукеев.
2014-жылы Казакстан Бирдиктүү пенсия топтоо фонду 71,3 миллиард теңгеге (225 миллион долларга жакын )Азербайжан эл аралык банкынын баалуу кагаздарын сатып алган. Былтыр майда аталган банк дефолтко учураганы маалым болгон. Казак бийлиги каражатты кайтаруу боюнча келишим түзүлүп жатканын кабарлаган.
( Казак өкмөтү социалдык фондун акчасын тобокелдүү долбоорлорго жумшап жатканы үчүн сынга кабылды) - Настоящее время.