Жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн машине дипломатиялык номердеги кара түстөгү жол тандабас экени тартылган сүрөттөр Интернетте тарады. Анын айдоочусу эки кишини сүзгөндөн кийин кайра аларга кыйкырып, кетип калганы кабарланды.
Жабыркагандарды "Тез жардам" алып кеткен. Аларды коюп кеткен машине кайсы дипломатиялык өкүлчүлүккө таандык экени азырынча белгисиз. Бишкек шаардык жол коопсуздук башкармалыгы окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирди.