Никитюк анын өлүмү тууралуу билдирүүнү жаңылыштык деп эсептебейт. Айтымында, бул Орусиянын мамлекеттик телеканалынын чагымы.
«Талибан» кыймылынын жоочулары Кабулдагы мейманканага 20-январда кол салышкан. Анда каза тапкандардын арасында жети украин жараны болгон.
«Менимче, бул билдирүү — коомчулуктун көңүлүн Орусиянын «Талибан» кыймылын колдоп, Ооганстанга каршы гибриддик согуш жүргүзүп жатканынан башка жакка буруу аракети. Ал согуш менен Орусиянын Украинага каршы жүргүзүп жаткан гибриддик согушунун окшош жактары бар», — деп эсептейт дипломат.