- Азия: Казакстанда суук күчөдү, Орусияда Украинанын Тажикстандагы элчиси өлгөндүгү тууралуу жалган маалымат таратышты. Казакстандагы сууктан жаныбарлар тоңуп өлүүдө. «Россия-24» телеканалынын «Вести» берүүсү Украинанын Тажикстандагы элчисин «өлтүрүп салды», буга элчи таң калууда. Казакстандын башкы банкири өлкөдө «бир дагы пенсиялык топтом жоготууга учурабаганын» билдирди. (Настоящее время)
- Орусия телеканалы Украинанын Тажикстандагы элчисин «өлтүрдү». (Настоящее время)
- Порошенко качан экинчи президенттик мөөнөткө аттануу чечимин жарыялай турганын айтты. (Директтен видео)
- Казакстандагы 50 градуска жеткен сууктан жаныбарлар өлүп жатат. (Настоящее время)
- Түркмөнстан: Апта сүртүмдөрү. (сүрөт баян)
- Өзбекстандыктар кайрадан Казакстан менен чек арада узак кезек күтүүлөр жаралганына даттанышууда. (видео)
- Пхенчхандагы Олимпиадада Орусиянын намысын кимдер коргобойт? Пхенчхандагы Олимпиадага Орусиядан 169 спортчу барат. Эл аралык Олимпиада комитети Орусиянын Олимпиада комитетинин акыркы тизмесин бекитти. Ага алдыңкы спортчулар кирген эмес. Спорттун айрым түрлөрүнөн болсо Орусиядан бир нече гана спортчу бармай болду. (Директтен видео)
- Таштандыны жолго ыргыткан адат таптык. Ош-Баткен- Исфана унаа жолунун боюндагы таштандылар тазаланбай жатат. Көзгө копсоо көрүнгөн турмуш-тиричилик калдыктары атайын жайда эмес чоң жолдун четине ташталганы адатка айланып баратат. Чоң жолдун боюн таштандыдан арылтууну сөз менен айтып, бирок аракет жасаган адам жок. (Кыргызстандан видео)
- Жапон деңизинде орус кемеси жоголду. (Директтен видео)
- Түндүк Корея спортчулары Олимпиадага даярдануу үчүн Түштүк Кореяга барышты. (Директтен видео)
- Парижде суу ташкын: Сена дарыясындагы суу беш метрге көтөрүлдү. (Настоящее время)
- Өз кызы санкция киргизүүнү талап кылып жаткан Владимир Литвиненко деген ким? Петербургдагы Тоо-кен университетинин ректору – Владимир Путиндин жакын досу жана анын ишенимдүү адамы. Быйыл ал кайрадан Путиндин шайлоо штабын жетектемей болду. Бирок анын туугандары менен мамилеси жакшы эмес: Литвиненко өз кызы менен жаңжалдашып келет. Ал атасын баламды уурдап кетти деп айыптады. (Директтен видео)
- Эмнеге Орусия бийлиги Пхенчхандагы оюндарда курама команданы куткарган жок? (Настоящее время)