“Азатттыктын” түркмөн кызматы 25-январда кант кызылчасын сактоо талаптары сакталбай жатканын, анын ичинде кампа кызматкерлери фермерлердин түшүмүн кабыл алууда туура эмес тараза колдонушарын маалымдагандан кийин текшерүү башталды. Прокуратура кызматкерлери кампага тиешелүү бардык документтерди алып кетти.
Фермерлердин айтымында, түшүм тапшыруу маалындагы мыйзам бузууларга көз жуумп, арыз менен эч жакка кайрылышпайт. Себеби район жетекчилери бири-бирин кубаттап турушат жана ишке кедергилерин тийгизишет.
Түркмөнстанда фермерлер мамлекеттин жерин ижарага алып кант кызылчасын айдашат. Алар сугат иштерин өзүлөрү жүргүзүп, жер семирткичтерди сээп, бирок жыйынтыгында жакшы киреше табышпайт.
Түркмөн ММКлары кабарлагандай, былтыр 220 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, 11 миң тонна кант өндүрүлгөн.