Ссылки доступа

Ош базардагы өрттөн эки киши ууланды


Бишкектин Ош базарында чыккан өрттөн эки киши ууланып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда. Баштапкы маалыматтарга караганда, тилсиз жоо 3,5 миң чарчы метрге жакын аянтка жайылган.

Өрт бүгүн саат 09:30дар чамасында Бейшеналиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде, Ош базарындагы "Сейтек" дүкөндөр комплексинде чыккан. Аны өчүрүүгө беш, кийинчерээк дагы он топ тартылган.

Жалпысынан ондогон соодагердин павильону өрттөнүп кетти. Кырсыктын себептери такталууда.

XS
SM
MD
LG