Маалыматка караганда, журналист түрмөдөн Каршы райондук сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда бошотулган.
56 жаштагы Дилмурод Саидов 2009-жылдын 22-февралында кармалган. Аны менен кошо дагы үч кишиге "алдамчылык кылган жана документтерди жасаган" деген айып тагылган. Көп өтпөй Тайлак райондук соту Саидовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. 2010-жылдын 10-августунда Өзбекстандын Жогорку соту бул чечимди күчүндө калтырган. Ошол эле жылы Саидовдун 34 жаштагы аялы Барно Жуманова менен беш жашар кызы Рухшона автокырсыктан каза тапкан. 2014-жылы карыган энеси да кайтыш болгон.
Эл аралык укук коргоо уюмдары журналисттин үстүнөн сот жараяны көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдиришип, анын тез арада бошотулушун талап кылышкан.
2013-жылы абакта кыйноого кабылып, жазган ырлары менен аңгемелерин тартып алып жаткандыктары тууралуу журналисттин каты жарыяланган. Андан тышкары камакта Саидовдун саламаттыгы кескин начарлап кеткендиги кабарланган.