Өзбекстан тышкы иштер министрлиги 4-феварлда эки элдин өкмөт мүчөлөрү президент Мирзиёевдин сапарын гана эмес башка олуттуу маселелерди дагы талкуулашарын маалымдады.
Мирзиёев Душанбеге жаз алды менен барат.
Өткөн айда өзбек премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегация Тажикстанда болгон. Өзбек өкмөт башчысын тажик президенти Эмомали Рахмон кабыл алган.
Душанбеде Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык тууралуу өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отуруму өткөн.