Депутат Саиджафар Усмонзоданын билдиришинче, жыйында өлкө башчы Эмомали Рахмондун президенттикке талапкерлигин чектөөсүз санда көрсөтүүсүнө укук берүү жана талапкерлердин эң төмөнкү курагын 35 жаштан 30 жашка чейин төмөндөтүү маселелери каралат. Анын айтымында, 2016-жылдагы референдумда кабыл алынган бул өзгөртүүлөр дале «Президентти шайлоо тууралуу» мыйзамга киргизиле элек.
Талдоочулар талапкерлердин жаш курагын төмөндөтүү — 2020-жылы Рахмондун улуу баласы Рустами Эмомалинин президенттикке талапкерлигин коюусуна шарт түзүү үчүн сунушталган деп эсептеп келишет.