Ссылки доступа

Түркмөнстанда сүт азыктары 100% кымбаттады


Түркмөнстанда бензин баасынын жогорулашына байланыштуу жергиликтүү өндүрүштөгү сүт азыктар 100% кымбаттады. Мындай көрүнүш Ашхабаддагы бардык соода жайларында байкалууда.

«Буга чейин жарым литрлик айрандын бөтөлкөсү 1,3 манат болсо, азыр 3,5 манаттан сатылууда. Каймак дагы кымбаттады. Мурда 3 манаттан сатылган 250 миллитрлик каймак азыр 4,5-5 манат болууда», - деди ашхабаддык талдоочу Аманмырат Бугаев.

Сатуучулар баалардын жогорулашын өлкөдө бензиндин кымбатташы менен түшүндүрүшүүдө. Айтымдарында, азыктардын көбү аймактарда өндүрүлүп, борборго автоунаалар менен ташылып келинет.

Өткөн жумада 50% кымбаттаган бензиндин артынан өлкөдө ун, эт жана желим бөтөлкөдөгү суунун баасы дагы орточо 70% жогорулады.

1-февралдан тарта өлкөдө күйүүчү майдын бир литри 1 манаттан 1,5 манатка чейин кымбаттаган.

Аны менен катар өлкөнүн «көмүскө базарында» чет өлкөлүк валюталардын баасы көтөрүлгөнү кабарланууда. Акыркы маалыматтар боюнча, айрым аймактарда 13 манат 1 АКШ долларына бааланууда.

Түркмөн манатынын мамлекеттик курсу 2015-жылдын январынан бери өзгөрбөстөн, 3,5 манат 1 АКШ долларын түзүп келет.

XS
SM
MD
LG