Ал өз билдирүүсүндө эч кандай фактысы жок, негизсиз айыптоолордун объектиси болуп туруп компанияны башкара албастыгын жазган.
Уинндин отставкасына 10 күн мурда Wall Street Journal басылмасына чыккан макала себеп болду. Анда Уинн көптөгөн жылдардан бери компаниясында иштеген аялдардын ага сексуалдык кызмат көрсөтүүсүн талап кылып келгендиги жазылган.
Уинн айыптоолорду четке кагууда. Ошентсе да Невада штатынын казино индустриясын көзөмөлдөгөн комиссиясы тергөө иштерин баштады. Буга байланыштуу Wynn Resorts компаниясынын акцияларынын курсу төмөндөп, 76 жаштагы миллиардер 463 миллион долларын жоготту. Ошондой эле ал Республикалык партиянын Улуттук комитетинин каржы төрагасы кызматынан дагы кетүүгө арагасыз болду.