Ошол эле күнү кечинде кыздын денеси бала бакчадан бир нече чакырым алыс аралыкта табылган. Адам өлтүрүү шеги менен бир киши кармалды.
Беш жаштагы кыздын сол кабыргасы сынган, сөөктөрү талкаланган. Бүгүн анын сөөгү жерге берилди.
Бала бакча тарбиячыларынын биринин айтымында, Кибриёнун ата-энеси Түркияга иштегени кеткен, кыз чоң апасында калган. Трагедия күнү бала бакчанын медайымы аны башка эки бала менен үйүнө жиберген.
"Алар бала бакчалан алыс эмес жашайт. Кийин билсек, балдар үйүнө барышпаптыр. Улуураактары табылды, бирок Кибриёну эч ким таппай койду. Балдардын айтымында, бала бакчадан аларды велосипедчен киши тосуп алган. Бала бакчадан бираз алысташкан соң, ал киши чоңураак балдарды калтырып, Кибриёге момпосуй алып берем деп дүкөнгө алып кеткен. Бирок Кибриё дагы берки киши дагы кайрылып келген эмес. Кечинде Кибриёнун өлгөнүн уктук", – деди ал.
Прокуратура кылмыш ишин козгоду. Шектүү кармалып, көрсөтмө берүүдө.
Экспертизада анын зордукталбаганы аныкталган.