Ссылки доступа

Орусия тажикстандык 122 миң мигрантка ырайым кылды


Орусия бийлиги 122 миңден ашык эмгек мигрантына ырайым кылды. Алардын 20 миңге жакыны өлкөдө мыйзамдуу иштей баштаса, калганы Орусиянын аймагына кирүү укугуна ээ болушту.

Ал ортодо миграциялык мыйзамдарды бузган Тажикстандын дагы 181 миң жараны дале Орусиянын аймагына кире алышпайт.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, акыркы үч жылда Орусиядан жарым миллиондон ашык мигрант чыгарылган. Алардын көбүнүн укуктары бузулган: жанында тиешелүү документтери жоктору депортацияланып, аларды өлкөдөн чыгаруу боюнча сот чечимдери 3-5 мүнөттүн ичинде гана кабыл алынган.

Былтыр февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Душанбеге болгон сапарында тажик жарандарынын Орусияга кирүүсүнө байланышкан «маселени чечүүнү» убадалаган.

XS
SM
MD
LG