Маалыматтарга караганда, бюджет кызматкерлерине 5-10 даана лампа берилет, акча алардын айлык маянасынан кармалат. Бийлик муну электр кубатын үнөмдөө чарасы катары түшүндүрдү.
Буга чейин калкты электр менен камсыз кылуу маселеси президенттин назарын бурган. Гурбангулы Бердымухамедов курулуш боюнча вице-премьерге сөгүш жарыялап, электростанцияларды текшерүүнү, кемчиликтерди тез арада жоюуну тапшырган.
Түркмөнстанда электр кубатын үнөмдөөчү лампалар орто эсеп менен 13-15 манат ($4-$7,30) турат.