Адатта Түндүк Корея армиясынын негизделген күнүнө карата иш-чаралар апрелде өткөрүлүп келген, бирок бул жолкусунда аны 8-февралга жылдырышты. Буга чейин Түндүк Корея бийлиги Олимпиада алдында аскердик иш-чараларды өткөрүү туура эмес экендиги тууралуу АКШнын жана башка өлкөлөрдүн сынын кабыл албаганы кабарланган.
Мурдараак расмий Пхеньян Түндүк Кореянын делегациясы Пхёнчханда америкалык кесиптештери менен жолукпай турганын билдирген.
Күн мурун АКШнын вице-президенти Майк Пенс Түндүк Кореяга карата санкциялардын жаңы топтому даярдалып жатканын жарыялаган.