Жаңы технология полиция кызматкерлерине видеокөзөмөл камералары орнотулбаган жерлерде жардам берет. Укук коргоо органдары атайын көз айнектердин жардамы менен кылмышка шектелген жети кишини колго түшүрүүгө жетишти. Андан тышкары жасалма документ пайдаланып жүргөн 26 киши аныкталган.
Бирок мындай технологиянын колдонулушу укук коргоочуларды тынчсыздандырууда. Алар көз айнектер диссиденттерди жана улуттук азчылыктарды аңдуу үчүн пайдаланылат деп эсептешүүдө.
Расмий статистика боюнча, Кытайда 170 миллиондон ашуун камера орнотулган — бул дүйнөдөгү эң ири видеокөзөмөл системасы. Өлкө бийлиги адамдарды жүзүнөн таануу технологиясын улуттук азчылыктарды аңдуу үчүн пайдалангандыгы үчүн бир канча жолу сынга кабылган.