Маалыматка караганда, поезд жумасына бир жолу жүрүп, бейшембиде Ташкенттен чыгат да, ишембиде Балыкчыдан кайра артка кайтат. Каттамды "Өзбек темир жолу" ишканасы жүргүзөт.
2016-жылы жай мезгилинде да Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамы тууралуу сүйлөшүү болуп, бирок ал бир эле жолу жүргөн бойдон токтоп калган. 2017-жылы да ушундай сүйлөшүү болуп, ал да аткарылган эмес. Маалыматка караганда, поезд каттамын ачуу боюнча сунушту кыргыз тарап киргизген.
Ушул тапта Өзбекстандан Ошко жана Жалал-Абадга поезд жүргүзүү маселеси да каралып жатат.