Ссылки доступа

Тажикстан Улуттук банкы: Быйыл АКШ долларынын курсу 9 сомонинин айланасында болот


Тажикстан Улуттук банкынын төрагасы Жамшед Нурмахмадзода быйыл АКШ долларынын курсу 9 сомонинин айланасында болорун билдирди. Анын айтымында, улуттук валютаны мекеме тарабынан сатылып алынган 3 тонна алтын коргошу керек.

Ошол эле маалда өлкө былтыр эл аралык каржы базарларында 500 миллион долларга облигацияларды саткан. Мекеменин божомолу боюнча, сомонинин расмий курсу жыл соңуна чейин 12% төмөндөйт. Учурда бир АКШ доллары 8,83 сомониге барабар.

Нурмахмадзода накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү үчүн быйыл өлкө боюнча төрт миң жаңы терминал орнотуларын билдирди. Анын айтымында, алардын саны учурда 1500дү түзөт.

Ошондой эле Улуттук банктын төрагасы өлкөнүн банк системасы алдыдагы 2-3 жылда туруктуу бойдон каларын белгиледи.

XS
SM
MD
LG