Ссылки доступа

Тажикстанда банктар эки жылдан бери кардарлардын акчасын берише элек (видео)


$20 в день: два крупных банка в Таджикистане два года не отдают деньги клиентам
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00

Тажикстандагы эки ири банк дээрлик эки жылдан бери аманатчылардын акчаларын төлөп бере албай жатат. Алар банкрот болушканын расмий түрдө жарыялашкан жок. Бирок кардарларга бир күндө 22 доллардан гана беришүүдө.

Бирок бул акча дагы күнүгө берилбейт. Аманатчылар акчаларын алуу үчүн дайыма бир нече сааттык узун кезекке турушууда.

Тажикстанда Агроинвестбанк менен Тожиксодиротбанк 2016-жылдагы каржы каатчылыгынан кийин катуу жабыркаган. Улуттук банк алар активдерин туура эмес башкарып, тобокелчиликтерди иликтебей насыя берип келишкенин билдирген. Бирок эки банк банкротко кептелгенин расмий түрдө жарыялаган жок. Аларды сактап калуу үчүн тажик бийлиги 3 миллиард сомони (300 миллион доллардын тегереги) сарптаган. Мындан соң 2017-жылдан тарта аманатчылар биринчи жолу күнүнө өз эсептеринен 300 доллардан ала башташкан.

Бирок бул акча карызды жабууга жеткен жок. Андан кийин бийлик банктардын мүлкүн сатууну чечкен, бул дагы жардам берген эмес. Жыйынтыгында учурда кардарларга эң аз өлчөмдө акча берилүүдө.

Эки банк аманатчыларга жалпысынан бир жарым миллиард сомони бересе.

Бийлик каржы мекемелерине тыштан башкаруу киргизип, банкрот процедураларын баштоо мүмкүндүктөрүн талкуулоодо.

XS
SM
MD
LG