Нидерланды ТИМ башчысы De Volkskrant гезитине маек берип, 2006-жылы Путин менен жолугушуу болбогонун мойнуна алган. Ошондой эле ал орус президентинин “Улуу Орусиянын” курамына Украина, Беларус, Казакстан жана Прибалтика кириши керек деген сөзүн да өз кулагы менен укпаганын кошумчалаган.
13-февралда ТАСС агенттиги Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 14-февралда Нидерланды ТИМ башчысы менен жолугушууну пландап жатканын жазган.