Апта башында Афирика улуттук конгресси башкаруучу партиясы жана анын башкы катчысы Эйс Магашуле Зумадан отставкага кетүүнү талап кылган. Өлкө мыйзамдары боюнча мамлекет башчынын милдетин вице-президент Сирил Рамафоса аткарат.
Жейкоб Зума 2009-жылы президент болуп, 2014-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. 2017-жылы мамлекет башчы коррупияга айыпталган. Африка улуттук конгресси Зуманы партиянын башчылыгынан кетирген, анын ордун Рамафоса ээлеген.