Мындан дээрлик жети жыл мурда токтоп калган темир жол каттамын калыбына келтирүү иштери аягына чыкты .
Өкмөттөр аралык келишимге Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга болгон март айындагы мамлекеттик сапары учурунда кол коюлат.
Худоёр Худоёрзода жакында өзбекстандык адистер менен бирге Амузанг-Галаба темир жолундагы ремонт иштери менен таанышып келген. "Темир жол дээрлик калыбына келди, келишимге кол коюлушун күтүп жатабыз", - деди ал.
Өзбекстандын түштүк облустарын Тажикстан менен байланыштырган Амузанг–Галаба темир жолу 2011-жылы өзбек-тажик алакасы солгундап турган учурда “жардыруу болду” деген жүйө менен жабылып калган эле.