Ссылки доступа

Өзбекстанда "Ахмадбайга" акыркы сөз берилет


Бүгүн Ташкенттеги облустук сотто эл арасында "Ахмадбай” аты менен таанымал ишкер Ахмад Турсунбаевге акыркы сөз берилет. Өзбекстандагы ири каржы пирамидасынын түзүүчүсүнө карата өкүм 19-февралда чыгат.

Турсунбаев адамдардын ишенимине кирип, 100-200 пайыздык үстөк менен кайтарып берүүнү убада кылып, алардан акча жана мүлктөрдү алып келген.

Чиноз районунун тургуну, 39 жаштагы Ахмад Турсунбаев "каржы пирамидасын түзгөн" деген айып менен былтыр 15-июнда камакка алынган. Ага Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин "акча талап кылуу, алдамчылык, алдоо жана ишенимге кирүү аркылуу бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу, мыйзамсыз валюта топтоо, чет өлкөлүк акчаны катуу" өңдүү айыптар тагылган.

Турсунбаевдин кеңсеси менен үйүн тинткенде эки оор жүк ташуучу автоунаага баткыдай акча чыккан. Банкта "Ахмадбайдын" акчасын 40 кызматкер түн ортосуна чейин санап отурганы, жалпысынан 40 миллиард өзбек суму менен эки миллиондон ашуун доллар чыкканы кабарланган.

Быйыл 31-январда Ахмадбай Турсунбаев алдап алган 105 автоунаа ээлерине кайтарылганы кабарланган.

XS
SM
MD
LG