Ссылки доступа

Тажикстанда мектеп директору бүтүрүүчүлөрү ЖОЖго тапшырбаганы үчүн уялып иштен кетти


Хатлон облусунда мектеп директору бүтүрүүчүлөрдүн бирөө дагы жогорку окуу жайына тапшырбаганы үчүн отставкага кеткенин билдирди.

«Окуучуларым үчүн уялам, мен кызматтан кеттим», - деп айтты N59 мектептин директору Эргаш Абдулхайитов. Анын айтымында, 11 бүтүрүүчүнүн арасында мыкты окугандар болгон, бирок алар билим алгандан көрө Орусияга иштөөнү чечишкен.

Бирок райондук элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдуджаббор Баходурзода күн мурун 5 мектеп директору, анын ичинде Эргаш Абдулхайитов окуучулардын билим көрсөткүчү начар болгондуктан жумуштан бошотулганын билдирди. “Эгер бир дагы бүтүрүүчү жогорку окуу жайга тапшырбаса, директор педагогикалык жамаатты башкарууга моралдык укугу жок”, - деди ал.

Облуста дагы 8 мектеп директору бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайга тапшырбаганы үчүн эскертүү алышкан.

Буга чейин Тажикстандын билим берүү жана илим министри мектеп директорлорун көзөмөлдөө күчөй турганын айткан. “Эгер директор 5 жылда жакшы жыйынтыктарды көрсөтсө, биз аны артта калган мектептерге которобуз. Эгер окуучулар олимпиадада алдынкы орундарды албаса жана жогорку окуу жайларына тапшырбаса, мектеп директору иштен кетиши керек”, - деген министр.

XS
SM
MD
LG