Шавкат Мирзиёев кызматкерлердин «өз ыйгарым укуктарынын чегинен ашкан» аракеттеринен улам Бухара облусунда көптөгөн нааразылыктар жаралганын билдирди.
«...Бизде Улуттук коопсуздук кызматы деп аталган мекеме бар. Бир гана мекемеге мынчалык ыйгарым укук берүү — бул мамлекетке карата жасалган чыныгы чыккынчылык. Ошондуктан Бухара облусунда нааразылыктар күчөгөн. Мага нааразы болгон көп жарандар кат жазышты», – деди президент.
Мамлекет башчынын айтымында, анда Бухара облусундагы атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан жасалган кылмыштардын тиешелүү далилдери бар.
«Менде кыйноо учурлары тартылган сүрөттөр дагы бар. Бул мыйзамсыз иштерге барган тергөөчүлөрдүн аты-жөнүн да билем. Кудай кааласа аларды сыналгыдан көрөсүңөр. Мен мунун баарын алар өз баштарынан өткөрүшүн каалайм. Эмнеге? Анткени адилеттүүлүк болушу керек. Керек болсо алар 20 жылга түрмөгө камалат», – деди президент.
Атайын кызмат өкүлдөрүнүн ишин сынга алган Мирзиёев УККнын ишмердүүлүгүн өткөн кылымдын 37-жылдарындагы репрессияларга салыштырды.