Буга чейин РБК Дагестан өкмөтүндөгү булактарга таянуу менен кол салган адамдын ысымын атаган. Ал 22 жаштагы Халил Халилов. Баштапкы маалыматтарга ылайык, жоочу "Ислам мамлекети" террордук тобуна мүчө болгон.
Басылма билдиргендей, Халилов жихадчыларга былтыр кошулган болушу ыктымал. Бирок ал атайын кызматтардын маалымат базасына киргизилген эмес.
Жекшембиде православдардын майрамы белгиленип жатканда Кизлярдагы чиркөөгө чабуул коюлуп, беш адам жашоо менен кош айтышкан. Милиция кол салуучуну атып өлтүргөн.