Ирандын мамлекеттик телеканалы аба ырайы жакшыргандан кийин Aseman EP3704 авиакомпаниясынын учагын издөө иштерине тик учактар тартылганын билдирди. Маалыматка караганда, куткаруучулар кырсык болгон жерге 19-февралда таң атпай жетишкен.
Буга чейин катаал аба ырайына байланыштуу издөө иштерин баштоого мүмкүн болбой жатканы кабарланган.
ATR-72 учагы Тегерандан өлкөнүн түштүгүндөгү Ясуй шаарына 18-февраль эртең менен учкан. 25 жылдан бери пайдаланылып келаткан учак Дена тоосунда кырсыкка кабылып, анын ичиндеги 65 адам каза тапкан.
Франциянын авиациялык коопсуздук боюнча агенттиги британиялык кызматтын жетекчилиги алдында башталган иликтөө иштерине катыша турганын билдирди. ATR-72 учактары Францияда жана Италияда өндүрүлгөн.