Бирок кийинки бөлүктөрдө казакстандык спортчулар артыкчылыкты кармап кала алышкан жок. Экинчи бөлүктө Евгений Величко бешинчи орун алса, кийинки бөлүктөрдө Виталий Пухкало менен Денис Волотка көрсөткүчтү жакшырта алышкан жок.
Жыйынтыгында алтын медалды Норвегия курамасы алса, күмүш медалга Орусиядан барган спортчулар, коло медалга Франциянын лыжачылары ээ болушту. Казак курамасы норвегиялыктардан үч жарым мүнөт артта калышкан.
Полторанин 24-февралга белгиленген 50 чакырымдык классикалык стилдеги марафондо жеңишке жетүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
XXIII кышкы Олимп оюндары 25-февралда жыйынтыкталат. Азырынча Казакстан курамасында бир коло медал бар.