Мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, автоунаалар белгилүү бир убакытка (бир нече сааттан бир нече айга чейин) айдоочусуз берилет. Ал үчүн чет өлкөлүк туристтерден паспорттон тышкары эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк дагы талап кылынат.
Унаалар 30 күнгө чейин нотариалдык жол-жоболоштуруусуз эле ички иштер органдары тарабынан берилет.
Унааларды ижарага берүү кызматы президенттин «Ички туризмди өнүктүрүүнү тездетүү боюнча чаралар тууралуу» 3-февралдагы токтомунун негизинде ишке ашырылат.