Ссылки доступа

"Новая газетанын" журналисти Али Феруз Германияда качкын макамын алды


“Новая газетанын” журналисти Али Феруз Германияда качкын макамын алды. Бул тууралуу “Дождь” телеканалы билдирди.

Феруз учурда Гёттинген шаарында, жакында паспорт алат. Ал немис тилин үйрөнүп, журналисттик кесиби менен иштөөнү пландоодо.

Али Феруз Орусияда 2011-жылдан бери жашачу. 2017-жылдын августунда Москвада кармалган. "Өлкөдө жүрүү эрежесин бузган" деген негиз менен өз мекенине - Өзбекстанга депортациялана турган болгон. Феруз өзбек бийлиги аны "террордук уюмдар менен байланышта" деп соттоп, абакта кыйнап, ал түгүл өлтүрүп коюшу мүмкүн экенин айтып, качкын макамын сураган.

Февралдын башында Москванын Басман соту Ферузга үчүнчү өлкөгө чыгууга уруксат берген.

XS
SM
MD
LG