Ссылки доступа

Тажикстанда билим министрин орусча жакшы билбегени үчүн иштен кетирүүнү сунушташууда


Тажикстанда социалдык түйүндүн колдонуучулары билим берүү жана илим министри Нуриддин Саидди кызматтан алууну сунушташууда.

Күн мурун билим министри катышкан маалымат жыйыны тууралуу сюжет социалдык түйүндөргө тараган. Материалда чиновник журналистке орусча начар жооп бергенин көрүүгө болот. Буга байланыштуу Интернет колдонуучулары аны отставкага кетирүүнү демилгелешүүдө.

Бул арада мамлекеттик кызматкер тажик тилин жакшы билиши керек жана бөтөн тилде “сайроого” милдеттүү эмес дегендер дагы бар.

Нуриддин Саид өзүн орусча жакшы билем деп санайт. “ Мен, албетте, Толстой же Солженицын эмесмин, бирок орусчаны жакшы билем. Мен ушул тилде сүйлөп, өкмөттүн атынан жыйындарда, конференцияларда талкуу жүргүзүп келем. Мен 2 доктор, 8 илимдин кандидатын даярдадым. Ушундан кийин дагы мени орусча жакшы билбейт деп күнөөлөп жатышабы? Ооба, акцентим бар, бирок бул көбүнө мүнөздүү”, -деди министр.

Министр образования Таджикистана отвечает на вопрос русскоязычного журналиста
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Аткаминер өзүнүн дарегине айтылган сын пикирди “бедел түшүрүү кампаниясы” деп атады. “Министрдин кадыр-баркын кетирүү – бул бийликтин беделин түшүрүү аракети”, - деди ал.

Тажикстанда орус тили мамлекеттик макамга ээ эмес, бирок ал улут аралык сүйлөшүүнүн каражаты болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG