Ссылки доступа

Өзбекстандын Тажикстандагы жаңы элчиси ишке киришти


Өзбекстандын Тажикстандагы жаңы элчиси Эргаш Шоисматов тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Асловго ишеним грамотасын тапшырып, ишке киришти. Бул тууралуу Тажикстан ТИМинен билдиришти.

Эргаш Шоисматов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин марттын биринчи жарымына белгиленген Душанбеге сапарынын алдында ишке киришип жатат.

Өзбекстандын Тажикстандагы элчиси болуп 14 жыл иштеген Шокосым Шоисламов бир канча күн мурда президенттик аппараттын сырткы саясат бөлүмүнө жумушка дайындалган.

Эргаш Шоисматов 1951-жылы төрөлгөн. Ташкент политехникалык институтун аяктаган. 1996-жылдан 2001-жылдын февралына чейин Өзбекстандын энергетика министри кызматында иштеп, 2001-жылдан 2006-жылга чейин мамлекеттик «Өзбекэнерго» акционердик компаниясынын төрагасы болгон. 2006-жылдан 2010-жылга чейин машине куруу, түстүү металлургия, мунайгаз, геология, электр энергиясы жана химиялык заттарды чыгаруу боюнча вице-премьер кызматын аркалаган. 2014-жылы энергетика кызматкерлеринин республикалык кесиптик кошуунунун төрагасы болуп дайындалып, 2016-жылдын декабрынан бери «Uztransgaz» башкармалыгынын төрагасы кызматында иштеп келген.

XS
SM
MD
LG