Өзбекстан ТИМинен билдиргендей, иш-чарага эки өлкө премьер-министрлери Абдулла Арипов жана Кохир Расулзода төрагалык кылышты.
Жыйын алкагында өзбек-тажик мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелерин тактоо маселелери каралды. Расмий билдирүүдө тараптар кыска убакытта чек араны делимитациялоо жараянында ийгиликке жетишти деп айтылат.
Мындан тышкары өкмөт аралык комиссия Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин март айына белгиленген мамлекеттик сапарын утурлай, кол коюла турган эки тараптуу келишимдердин даярдыгына көңүл бөлдү.
Эки өлкө чек арасындагы эң талаштуу тилкелердин бири — өткөн кылымдын 40-жылдарында курулган жана Тажикстандын аймагында жайгашкан Фархад плотинасы эсептелет.